Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-январы № 4
Кемин, Панфилов, Кант жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдери келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 13-январындагы № 2 Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңеши боюнча жана 2026-жылдын 12-январындагы № 1 Кичи-Кемин айылдык кеңеши боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 24, 26 Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Кайыңды айылдык кеңеши боюнча;
- Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 6 Чүй облусунун Кант шаардык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-январындагы № 1 Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылдык кеңеши боюнча.
2) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечим:
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-январындагы № 1 Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылдык кеңеши боюнча.
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 13-январындагы № 3 Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңеши боюнча;
- Кант аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 6 Чүй облусунун Кант шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет".
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр:
- Кемин, Панфилов, Кант жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Кемин, Кант жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын м.а. |
| А.Жупуева |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 20-январындагы № 4 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө ЧЕЧИМДЕРИ
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын аты-жөнү |
Чүй облусу | |||
Кемин району | |||
1 | Кемин АШК, № 2, 13.01.2026-ж. (29.12.2025-ж. өз арызы) | Кемин шаардык кеңеши | Алымбеков Манай Алымбекович (1) "Адилет" депутаттык фракциясы |
2 | Кемин АШК, № 1, 12.01.2026-ж. (12.01.2025-ж. өз арызы) | Кичи-Кемин айылдык кеңеши (№ 4 шайлоо округу) | Мурсалиев Акылбек Рыскельдиевич |
Панфилов району | |||
3 | Панфилов АШК, № 24, 26, 29.12.2025-ж. (22.12.2025-ж. өз арызы) | Орто-Кайыңды айылдык кеңеши (№ 3 шайлоо округу) | Джумабаева Гульчахра Муслумбековна |
Кант шаары | |||
4 | Кант АШК, № 6, 29.12.2025-ж. (17.12.2025-ж. өз арызы) | Кант шаардык кеңеши | Алаков Чынгыз Качкынбекович (2) "Ынтымак" депутаттык фракциясы |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
5 | Ноокат АШК, № 1, 14.01.2026-ж. (30.12.2025-ж. өз арызы) | Кулатов айылдык кеңеши (№ 9 Арык-Бою шайлоо округу) | Жоробеков Нурбек Абдуназарович |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| С.Бейшебаева |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 20-январындагы № 4 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндө ЧЕЧИМДЕРИ
№ | АШКнын бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
1 | Кемин АШК, № 3, 13.01.2026-ж. (29.12.2025-ж. өз арызы) | Кемин шаардык кеңеши | Шейшеналиев Мирбек Кылычбекович (5) "Адилет" саясий партиясы | Дыйкан чарба |
Кант шаары | ||||
2 | Кант АШК, № 6, 29.12.2025-ж. (23.12.2025-ж. өз арызы) | Кант шаардык кеңеши | Турганалиев Ренат Нурбекович (4) "Ынтымак" саясий партиясы | Адвокат |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
3 | Ноокат АШК, № 1, 14.01.2026-ж. (13.01.2026-ж. өз арызы) | Кулатов айылдык кеңеши (№ 9 Арык-Бою шайлоо округ) | Сатыбалдыева Мактымай Адилбековна | Пенсионер |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| С.Бейшебаева |