Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 115-VIII
Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө
Калктын саны жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү маселелерин жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын парламентчилеринин маанилүү ролун белгилеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитети төмөнкүдөй депутаттардын курамында түзүлсүн:
Борбиев Болотбек Ибраимович;
Култаева Гулшаркан Оконовна;
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна;
Талиева Камила Абдыразаковна.
2. Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитети өзүнүн иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| К.Л. Ханджеза |