Редакцияот 28.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин ХХI сессиясы

(VIII чакырылыш)

2025-жылдын 28 -январы № 21/90

 Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз,  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы жана экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 20-21-22-январындагы №31 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом  кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри бекитилсин (тиркеме 1).

 

  1. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.

 

  1. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

 

А. Мурзаев

 

 

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин                           2026-жылдын   28-январындагы 

21-сессиясынын

№ 21/90 токтомуна                

тиркеме 1

 

Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри

 

№

Мунициалдык кызматтардын атылышы

Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер

Муниципалдык кызматты көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү/акысыз)

1

2

3

 

          4

                                                            Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы

  1.  

Жеке менчик турак-жай үчүн жер тилкесин берүүгө кезекке каттоо

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти

Акысыз

0.             

Материалдык жардам көрсөтүү Кызыл-Кыя ш. жардамга  муктаж

үй-бүлөлөрү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы

Акысыз

0.             

“Баатыр эне”, “Эне даңкы” медалына көрсөтүү (6 дан көп балалуу энелер)

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы

Акысыз

0.             

Көчөлөрдүн атын коюу жана өзгөртүү

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы

Акысыз

0.             

Муниципалдык менчикте турган жерлерди ижарага берүү

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти

Көз карандысыз баалоочунун корутундусуна жана комиссиянын чечимине ылайык

0.             

Жер аянтын жеке менчикке берүү

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти

Көз карандысыз баалоочунун корутундусуна жана комиссиянын чечимине ылайык

0.             

Мэриянын чечимин алуу үчүн жер аянтына бүтүмдөрдү даярдоо

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти

Акы төлөнөт

(тиешелүү кызматтарга

М: кадастр, архитектура)

0.             

Экскаватор, КамАЗ  үлгүсүндөгү автоунаасы менен жер казуу, тазалоо жана башка оор жумуштарды аткаруу

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти

 

Акысыз

0.             

Шаардын көчөлөрүнө шагал төшөө, тегиздөө

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти

Акысыз

  1.  

Унаа токтотуучу  жай менен камсыз кылуу

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти

Шаардык кенеши тарабынан бекитилген тарифтин  негизинде

  1.  

Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти

Акысыз

  1.  

Парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуучу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти

Акысыз

  1.  

Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти

Акысыз

  1.  

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти

Акысыз     

  1.  

Жолбун иттерди атуу

“Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы

Акысыз

  1.  

Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынын, мекеме ишканалардын таштандыларын чыгаруу

“Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы

Келишимдин негизинде

  1.  

Суу чачуучу ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү машина менен суу себүү, чачуу кызматтарын көрсөтүү

“Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы

Акысыз

  1.  

Шаар аймагын жашылдандыруу боюнча

“Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы

Акысыз

  1.  

Ассенизатор атайын авто унаасы менен саркынды сууларды, вакуумдук тартуу иштерин алып баруу

“Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы

Шаардык кенеши тарабынан бекитилген коэффициенттин негизинде

1.             

Автобустар менен шаар калкына  кызмат көрсөтүү

“Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасы

Кызыл-Кыя шаардык кеңеш тарабынан бекитилген тарифтин негизинде

2.             

Автобустар менен Кызыл-Кыя шаарынын мектеп окуучуларын жеңилдетилген тариф менен ташуу

“Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасы

Кызыл-Кыя шаардык кеңеши тарабынан бекитилип жеңилдетилген тарифтин негизинде

3.             

Автобустар менен мекеме-ишканаларга кызмат көрсөтүү

“Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасы

Эки тараптуу келишимдин негизинде

4.             

Жарандардын жашагандыгы жана үй-бүлөсү тууралуу маалымкат берүү

“Караван” аймактык башкармалыгы

Акысыз

“Түндүк” электрондук маалымат базасы аркылуу

5.             

Уй-бүлөлөрдү кожолукка бөлүп берүү

“Караван” аймактык башкармалыгы

Акысыз

6.             

Маркумду акыркы сапарга узатуу(мазар)

Кызыл-Кыя шаарында

Акысыз

7.             

Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү

“Караван” аймактык башкармалыгы

Акы төлөнөт

8.             

Жайыт жерлерин ижарага берүү

“Караван” аймактык башкармалыгы

Акы төлөнөт

9.             

Өздөштүрүлгөн жерлерди ижарага берүү

“Караван” аймактык башкармалыгы

Акы төлөнөт

10.          

Жылуулук жана жылуу суу менен камсыздоо кызматы

“Кызыл-Кыя жылуулук”

Муниципалдык

ишканасы

КР Энергетика

Министрлигине караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө

салуу боюнча

департаменти

Акы төлөнөт

1.             

Жылуу суунун магистралдык

куурларын (трубаларын)

оңдоп-түзөө

 

“Кызыл-Кыя жылуулук”

Муниципалдык

ишканасы

Акысыз

2.             

Көп кабатуу

үйлөрдүн жер төлөөлөрүндөгү (подвал) жылуу суу түтүктөрүн

контролдоо жана ремонттоо

“Кызыл-Кыя жылуулук”

Муниципалдык

ишканасы

Шаардык кеңеши тарабынан бекитилген коэффициенттин негизинде,

акы төлөнөт

3.             

Ичүүчү суу кууруга улануу

“Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасы

Акы төлөнөт

4.             

Суу эсептегичтерди орнотуу

“Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасы

Акысыз (биринчи жолу орнотуу)

5.             

Абоненттер менен келишим түзүү

“Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасы

Акысыз

6.             

Суу куурларын оңдоп түзөө

“Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасы

Борбордук куур акысыз

7.             

Сыркынды суулардын коллекторуна кошулуу

“Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасы

Акы төлөнөт

8.             

Сыркынды суулардын коллекторун оңдоп түзөө

“Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасы

Борбордук акысыз

9.             

Саркынды суулардын коллекторун оңдоп түзөө

“Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасы

Жеке секторлор акы төлөнөт

 

 

           

Аппарат жетекчиси                                                                       Т.Алимбекова