Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 116-VIII
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда Кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлиси менен парламенттер аралык кызматташууну кеңейтүүгө жана парламенттик деңгээлде туруктуу саясий диалог жүргүзүүгө болгон өз ара кызыкчылыкты жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда Кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамы төмөнкүдөй депутаттардан түзүлсүн:
Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич;
(Абзац Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Белеков Адилет Чолпонбекович;
Рысбаев Равшанбек Рысбаевич;
Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабы Парламенттер аралык комиссиянын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| К.Л. Ханджеза |