Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
кезектеги XXVI сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 26/8
Баш-Булак айыл аймагындагы Ачы айылынын №7 көчөсүнө «Абдрасулов Рахманберди» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө
Ачы айылынын тургуну Абдрасулов Рахманбердинин баласы Маматалиев Төлөгөндүн арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ачы айылындагы №7 көчөсүнө «Абдрасулов Рахманберди» атындагы көчө деп ысым берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Абдраев |