Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
кезектеги XXVI сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 26/10
Баш-Булак айыл аймагынын калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффициенттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2001-жылдын 7-декабрындагы №104 “Айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланбагандыгы үчүн жер салыгын базалык ставкалары” жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Мамлекеттик салык кызматын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын берген маалыматтарын эске алып, Баш-Булак айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы карап, өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизген сунуштарын талкуулап, Баш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффицентинин диференцияланган базалык ставкалары 2023-жылга айыл өкмөттөгү бардык айылдарда 2,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 50-главасынын 388-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык зоналык коэффицентти К3 базалык ставкасы 2,0 өлчөмүндө бекитилсин.
3.Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн кызматкерлерине жана Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Ж.Абдраев |