Редакцияот 15.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясы

 

2025-жылдын 15-декабры  №4/1     

  

Кара-Суу айыл  аймагынын Комсомол айылындагы “Баластан-Нуру” бала бакчасынын чатырын оңдоо, аянтчасына брусчатка төшөө жана көмүркана курууну дем берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүү жөнүндө

 

 

Кара-Суу айыл аймагынын Комсомол айылындагы “Баластан-Нуру” бала бакчасынын чатырын оңдоо, аянтчасына брусчатка төшөө жана көмүрканакурууну дем берүүчү гранттын эсебинен 2 992 800 (эки миллион тогуз жүз токсон эки миң сегиз жүз) сомго иштерди аткаруу боюнча демилгелүү топтун лидери П. Багышованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын  айылдык Кеңеши   токтом кылат:

 

      1. Өздүк салым үчүн  448 920 (төрт жүз кырк сегиз миң тогуз жүз жыйырма) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай түрүндө Комсомол айылындагы “Баластан-Нуру” бала бакчасынын чатырын оңдоо, аянтчасына брусчатка төшөө жана көмүрканакуруу долбооруна 2026-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.

 

2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын которуп берүү жагы Кара- Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

  

  Төрага

А. Молдогазиев