Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 121-VIII
Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигинин алкагында парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана парламенттик деңгээлде үзгүлтүксүз саясий диалогду колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамы төмөнкүдөй депутаттардан түзүлсүн:
Маматалиев Марлен Абдырахманович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы, делегациянын башчысы;
Рустамбек уулу Советбек;
Сагынаев Болот Турусбекович;
Самаков Кубанычбек Карганбекович.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Парламентик делегация өзүнүн иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| К.Л. Ханджеза |