Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-январы № 6
Сузак, Ала-Бука, Кара-Суу, Ак-Суу жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-январындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылдык кеңеши боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-январындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 21-январындагы № 1 Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңеши боюнча;
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-январындагы № 1 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-январындагы № 1 Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык кеңеши боюнча.
2) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-январындагы № 2 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылдык кеңеши боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-январындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 21-январындагы № 1 Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңеши боюнча;
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 14-январындагы № 2 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-январындагы № 1 Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет".
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Сузак, Ала-Бука, Кара-Суу, Ак-Суу жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Сузак, Ала-Бука, Кара-Суу, Ак-Суу жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Сузак, Ала-Бука, Кара-Суу, Ак-Суу жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
| А.Жупуева |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 22-январындагы № 6 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын аты-жөнү |
Жалал-Абад облусу | |||
Сузак району | |||
1 | Сузак АШК, № 1, 20.01.2026-ж. (16.01.2026-ж. өз арызы) | Сузак айылдык кеңеши (№ 1 С.Акбаров шайлоо округу) | Мехманов Абдусамад Абделхамитжанович |
Ала-Бука району | |||
2 | Ала-Бука АШК, № 1, 19.01.2026-ж. (15.01.2026-ж. өз арызы) | Т.Балтагулов айылдык кеңеши (№ 7 Навбахор шайлоо округу) | Туманбаев Токтосун Мамбетович |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
3 | Кара-Суу АШК, № 1, 21.01.2026-ж. (16.01.2026-ж. өз арызы) | Отуз-Адыр айылдык кеңеши (№ 5 Кыш-Абад шайлоо округу) | Сатинбаев Байэль Капарбаевич |
Ысык-Көл облусу | |||
Ак-Суу району | |||
4 | Ак-Суу АШК, № 1, 14.01.2026-ж. (13.01.2026-ж. өз арызы) | Кыдыр Аке айылдык кеңеши (№ 2 Кайырма-Арык-Пионер шайлоо округу) | Уметов Кылымбек Уланбекович |
Нарын облусу | |||
Нарын району | |||
5 | Нарын АШК, № 1, 20.01.2026-ж. (29.12.2025-ж. өз арызы) | Эмгек-Талаа айылдык кеңеши (№ 1 шайлоо округу) | Рахматов Бекен Аскербекович |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| С.Бейшебаева |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 22-январындагы № 6 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
1 | Сузак АШК, № 2, 20.01.2026-ж. (16.01.2026-ж. өз арызы) | Сузак айылдык кеңеши (№ 1 С.Акбаров шайлоо округу) | Урманов Джавлон Сатвалдыевич | Жеке ишкер |
Ала-Бука району | ||||
2 | Ала-Бука АШК, № 1, 19.01.2026-ж. (16.01.2026-ж. өз арызы) | Т.Балтагулов айылдык кеңеши (№ 7 Навбахор шайлоо округу) | Камчибеков Максымбек Боймуратович | Ала-Бука райондук суу чарба башкармалыгына караштуу Ала-Бука суу бөлүмүндө көзөмөлдөөчү |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
3 | Кара-Суу АШК, № 1, 21.01.2026-ж. (21.01.2026-ж. өз арызы) | Отуз-Адыр айылдык кеңеши (№ 5 Кыш-Абад шайлоо округу) айылдык кеңеши | Уразова Эльмира Рамазановна | Убактылуу иштебейт |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
4 | Ак-Суу АШК, № 2, 14.01.2026-ж. (13.01.2026-ж. өз арызы) | Кыдыр Аке айылдык кеңеши (№ 2 Кайырма-Арык-Пионер шайлоо округу) | Сулайманов Курманбек Эрназарович | Каракол токой чарбасы, Боз-Учук токойчулугунун токой башчысы |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
5 | Нарын АШК, № 1, 20.01.2026-ж. (29.12.2025-ж. өз арызы) | Эмгек-Талаа айылдык кеңеши (№ 1 шайлоо округу) | Кыдырмышов Жайлообек Сагынбаевич | Дыйкан чарбасынын мүчөсү |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти |
| С.Бейшебаева |