Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 122-VIII
“Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 76-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
“Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 76-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматташууну андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун алкагында парламенттер аралык байланыштарды активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:”.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Акаев Жанарбек Кубанычович парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.”.
Төраганын орун басары |
| К.Л. Ханджеза |