Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2026-жылдын 29-январы № 113-VIII
Парламенттер аралык бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
Парламенттер аралык бирликтин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле парламенттик ишмердик маселелери боюнча парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү жана тажрыйба алмашууну кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Парламенттер аралык бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкүдөй депутаттардын курамында түзүлсүн:
Маматалиев Марлен Абдырахманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегациянын башчысы;
Аманова Бурун Кушбековна;
Бакасов Улан Болотбекович;
Исаева Джамиля Кубанычбековна;
Примов Улан Бердибаевич;
Таалайбек кызы Жылдыз.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Парламенттик делегация өзүнүн иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
| К.Л. Ханджеза |