Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 25-декабры № 1143-т
Нарын шаарынын мэриясынын бюджеттик кредиттер боюнча карызын жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 8-июлундагы № 105 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ишке ашыруу максатында бөлүнгөн бюджеттик кредит боюнча Нарын шаарынын мэриясынын карызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 497-т, 2020-жылдын 20-февралындагы № 51-т тескемелерине, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 19-05/71 Субкредиттик макулдашууга жана ага 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 19-04-01/233 Кошумча макулдашууга ылайык төмөнкүдөй шарттарда кайра түзүмдөштүрсүн:
- бюджеттик кредитти кайтаруу мөөнөтүн 2040-жылдын 14-майына чейин кошуп узартуу;
- негизги сумманы, бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды, капиталдаштырылган пайыздарды жана капиталдаштырылган финансылык санкцияларды төлөөгө 2028-жылдын 14-майына чейин жеңилдетилген мезгилди берүү;
- ушул тескеме күчүнө кирген учурга карата кошуп эсептелген жана төлөнбөгөн пайыздар боюнча карызды өзүнчө суммага бөлүү менен капиталдаштыруу;
- ушул тескеме күчүнө кирген учурга карата кошуп эсептелген жана төлөнбөгөн финансылык санкциялар боюнча карызды өзүнчө суммага бөлүү менен капиталдаштыруу;
- бюджеттик кредиттин негизги суммасы, пайыздар, бюджеттик кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн комиссия, ошондой эле карыздын капиталдаштырылган суммалары жеңилдетилген мезгил аяктаган учурдан тартып ар жыл сайын 14-майда жана 14-ноябрда бирдей өлчөмдөгү төлөмдөр менен төлөнөт;
2) Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-декабрындагы № 9 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2020-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында көл коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ишке ашыруу максатында бөлүнгөн бюджеттик кредит боюнча Нарын шаарынын мэриясынын карызын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 69-т тескемесине, 2021-жылдын 29-июлундагы № 19-04-01/51 Субкредиттик макулдашууга ылайык төмөнкүдөй шарттарда кайра түзүмдөштүрсүн:
- бюджеттик кредитти кайтаруу мөөнөтүн 2042-жылдын 15-ноябрына чейин кошуп узартуу;
- негизги сумманы, бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды, капиталдаштырылган пайыздарды жана капиталдаштырылган финансылык санкцияларды төлөөгө 2030-жылдын 15-майына чейин жеңилдетилген мезгилди берүү;
- ушул тескеме күчүнө кирген учурга карата кошуп эсептелген жана төлөнбөгөн пайыздар боюнча карызды өзүнчө суммага бөлүү менен капиталдаштыруу;
- ушул тескеме күчүнө кирген учурга карата кошуп эсептелген жана төлөнбөгөн финансылык санкциялар боюнча карызды өзүнчө суммага бөлүү менен капиталдаштыруу;
- бюджеттик кредиттин негизги суммасы, пайыздар, бюджеттик кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн комиссия, ошондой эле карыздын капиталдаштырылган суммалары жеңилдетилген мезгил аяктаган учурдан тартып ар жыл сайын 15-майда жана 15-ноябрда бирдей өлчөмдөгү төлөмдөр менен төлөнөт;
3) ушул тескемеге ылайык 2016-жылдын 23-декабрындагы № 19-05/71 жана 2021-жылдын 29-июлундагы № 19-04-01/51 субкредиттик макулдашууларга кошумча макулдашууларды түзсүн;
4) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн;
2. Нарын шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык бюджеттик кредиттерди өз убагында төлөөнү камсыз кылуу;
2) Нарын шаарынын мэриясынын бюджетинде ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик кредиттер боюнча карызды төлөөгө каражаттарды кароо.
3. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга жиберилсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |