Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2026-жылдын 29-январындагы № 114-VIII
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 193-VIII , 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII , 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ортосундагы интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкүдөй депутаттардын курамында түзүлсүн:
Маматалиев Марлен Абдырахманович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы, делегациянын башчысы;
Абдуллаев Азизбек Ашимжанович;
Абиров Жаныбек Болотбекович;
Айтиев Темирлан Тынычбекович;
(Абзац Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Баатырова Гүлнара Маришовна;
Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич;
(Абзац Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич;
(Абзац Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Молдобекова Гулкан Сакиновна;
Садырбаева Жылдыз Эсенбековна;
Саккараев Медербек Джаманкулович;
Салымбеков Жумабек Мамытбаевич;
Сатиева Гулжан Эркинбековна;
Толонов Данияр Эрмекович;
Турсунбаев Азизбек Атакозуевич;
Ханджеза Карим Лемзарович;
Шабазов Бахридин Валиевич;
Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна;
Эсенаманова Чолпон Замирбековна.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын туруктуу комиссияларына төмүнкүлөр жиберилсин:
экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияга – Абиров Жаныбек Болотбекович, Саккараев Медербек Джаманкулович, Садырбаева Жылдыз Эсенбековна;
социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссияга – Баатырова Гүлнара Маришовна, Молдобекова Гулкан Сакиновна;
агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссияга – Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич, Турсунбаев Азизбек Атакозуевич;
коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссияга – Ханджеза Карим Лемзарович;
илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссияга – Сатиева Гулжан Эркинбековна;
(Абзац Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссияга – Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна, Эсенаманова Чолпон Замирбековна;
контролдук-бюджеттик комиссияга – Толонов Данияр Эрмекович;
мамлекеттик курулуш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тажрыйбасын изилдөө боюнча туруктуу комиссияга – Шабазов Бахридин Валиевич;
укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияга – Абдуллаев Азизбек Ашимжановичти;
маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссияга - Айтиев Темирлан Тынычбековичти.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 193-VIII, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Парламенттик делегация өзүнүн иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
| К.Л. Ханджеза |