Редакцияот 15.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясы

 

2025-жылдын 15-декабры  №4/6    

  

Кара-Суу айыл аймагынында тазалыкты сактоо жана  инфраструктураны жакшыртуу максатында атайын техникаларды алуу боюнча долбоорго  акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

 

Кара-Суу айыл аймагынында тазалыкты сактоо жана  инфраструктураны жакшыртуу максатында атайын техника (таштанды чыгаруучу унаа) алуу  боюнча“Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө, өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кара-Суу айыл аймагынында тазалыкты сактоо жана  инфраструктураны

жакшыртуу максатында атайын техника (таштанды чыгаруучу унаа) алуу  боюнча“Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө, өздүк салым үчүн төлөнө турган  500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты Кара- Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.    

 

          2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисине тапшырылсын.

 

          3. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

 

 

  Төрага

А. Молдогазиев