Редакцияот 15.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясы

 

2025-жылдын 15-декабры  №4/7    

  

Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылына электр карагайларын алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылына электр карагайларын алууга акча каражатын бөлүп берүү  боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылына электр карагайларын алууга 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.    

 

           2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисине тапшырылсын.

 

          3. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

 

 

  Төрага

А. Молдогазиев