Редакцияот 15.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү 4-сессиясы

 

2025-жылдын 15-декабры  №4/9    

  

Кара-Суу айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын регламентин жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекиген, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобосуна ылайык,  Кара-Суу айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын регламентин жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү боюнча  Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Токтоналиевдин билдирүүсүн  угуп жана   талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын   айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун

жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын регламенти бекитилсин.

 

          2. Кара-Суу айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитилсин.

 

 

   Төрага

А. Молдогазиев