Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган IV сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №31
« Тогуз-Торо райондук ѳнүктүрүү фондусу ” мекемесине сунушталып жаткан Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Казарман айылындагы Т.Мурзалиев кѳчѳсүнүн 480 метр ички жолуна ысык асфальт тѳшѳѳ долбоорун жалпы элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жарбашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезексиз чакырылган IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Тогуз-Торо райондук ѳнүктүрүү фондусу ” мекемесине сунушталып жаткан Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Казарман айылындагы Т.Мурзалиев кѳчѳсүнүн 480 метр ички жолуна ысык асфальт тѳшѳѳ долбоору боюнча каралган жалпы элдик жыйындын протоколу жактырылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык Кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо , архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
3.Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы | У.Токтожумаев |