Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган IV сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №33
« Муниципалдык менчиктеги АБЗ участкасындагы өндүрүш багытындагы 4 га жер аянтын ижарага берүү жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жарбашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезексиз чакырылган IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн АБЗ участксындагы өндүрүш багытындагы жерден 4 га жер аянтын Аврора-Тур» Кытай компаниясына кубаттуулугу 1000 кВт убактылуу цемент бетон заводун куруу үчүн 2025-жылдын 26-мартынан баштап 10 жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.
2. “Аврора-Тур” кытай компаниясы берилген жер аянттарын өз максатында пайдаланып, айлана чөйрөгө зыян келтирбей, пайдалануу мөөнөтү аяктаганда кайра түздөп оңдоо (рекультивация) иштерин толук жүргүзүп, комиссиянын кароосунда өткөрүп берүүсү милдеттендирилсин.
3. Жер аянтын бөлүп берүү жана документтештирүү жагы жер ресурстары, кадастр геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Тогуз-Торо филиалынан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, жайыт маселелери боюнча башкы адиси Б.Сасиевке милдеттендирилсин.
5.Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы | У.Токтожумаев |