Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган IV сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №35
« Аймактык территориядагы имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүштөрү боюнча талаптарын бекитүү жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жарбашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезексиз чакырылган IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Маалматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, Тогуз-Торо районунун аймактык территориядагы имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптары жөнүндөгү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2 Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы | У.Токтожумаев |