Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган IV сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №36
«Жайлоого мал багуу үчүн чыккан бадачыларга мал башына
алынуучу төлөмдөрү жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл аймагындагы жайлоого мал багуу үчүн чыккан бадачыларга малдын башына алынуучу акыны бекитүү боюнча Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Олжотоев Марлистин сунушун угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезексиз чакырылган IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жайлоого мал багуу үчүн чыккан бадачыларга мал башына алынуучу төлөмдөрү төмөндөгүдөй болуп бекисин:
-Бодо мал (субай) - 400 сом;
-Бодо мал (торпогу менен) -600 сом;
-Торпок-200 сом;
-Кой-эчки – 100 сом;
-Жылкы – 400 сом;
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы | У.Токтожумаев |