Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган IV сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №37
«№4 Иманберди уулу Иса, №10 Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептерине көмөкчү чордон (подстанция) орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жарбашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезексиз чакырылган IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Айыл аймагына караштуу №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине 16 м2, №10 Азамат уулу Калдыбай атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине 20,25 м2 жер тилкелерине көмөкчү чордон (подстанция) орнотуу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтын бөлүп берүү жана документтештирүү жагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, жайыт маселелери боюнча башкы адиси Б.Сасиевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. октомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы | У.Токтожумаев |