Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган IV сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №39
«Жергиликтүү демилгелерди колдоо боюнча ѳздүк салым бѳлүп берүү жѳнүндѳ»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жарбашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезексиз чакырылган IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамына ылайык жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу тарабынан жергиликтүү демилгелерди колдоо боюнча айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетиинен 100,0 (бир жүз миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы | У.Токтожумаев |