Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган IV сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №40
« Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди тандоосунун жана каржылоосунун тартибинин жобосун бекитүү жѳнүндѳ»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жарбашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезексиз чакырылган IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди тандоосунун жана каржылоосунун тартибинин жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы | У.Токтожумаев |