Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган IV сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №42
«Калчабев Азамат Маакеевичке балык чарба уюштуруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жарбашовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезексиз чакырылган IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Калчабаев Азамат Маакеевичтин Өрнөк айылындагы Базар көчөсүндөгү өзүнүн үйүнүн жанындагы ашык пайдалып жүргөн 22 сотых жер тилкеси балык чарба уюштурууга берилсин.
2. Жер аянтын бөлүп берүү жана документтештирүү жагы жер ресурстары, кадастр геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Тогуз-Торо филиалынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, жайыт маселелери боюнча башкы адиси Б.Сасиевке милдеттендирилсин.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы | У.Токтожумаев |