Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
кезектеги XXVI сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 26/16
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынын Жаңы-Турмуш айылындагы №111 А.Осмонов атындагы орто мектебинин ашканасынын ремонттоо үчүн Кара-Суу райондук өнүктүүрүү фондуна даярдалган долбоорду каржылоого акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынын Жаңы-Турмуш айылындагы №111 А.Осмонов атындагы орто мектебинин ашканасынын ремонттоо үчүн Кара-Суу райондук өнүктүүрүү фондуна даярдалган долбоорду каржылоого акча каражатын ажыратуу үчүн кайрылган. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн сунушун угуп талкуулап Баш-Булак айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынын Жаңы-Турмуш айылындагы №111 А.Осмонов атындагы орто мектебинин ашканасынын ремонттоо үчүн даярдалган долбоорду каржылоого 500000(беш жүз мин) сом акча каражаты Кара-Суу райондук өнүктүүрүү фондунан суралсын. .
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынын Жаңы-Турмуш айылындагы №111 А.Осмонов атындагы орто мектебинин ашканасынын ремонттоо үчүн Кара-Суу райондук өнүктүүрүү фондуна даярдалган долбоорду каржылоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн 200000(эки жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Абдраев |