Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
кезектеги XXVI сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 26/23
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн “жеке менчик турак жай үй куруу үчүн берилген документтерди кароо жөнүндө” комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомуна ылайык жеке менчик турак жай үй куруу үчүн берилген документтерди кароо үчүн сунушталган комиссия курамын колго салып Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Баш-Булак айыл өкмөтүнүн жеке менчик турак жай үй куруу үчүн жер-жерлерде берилген документтерди кароо үчүн комиссия төмөндөгүдөй курамда бекитилсин.
1. Н.Бекмуратов – Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы, комиссиянын төрагасы.
2. А.Чийирова – Баш-Булак айылдык кенешинин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
3. У.Жоробаев – айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын мүчөсү.
4. Г.Мурзабаева – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
5. М.Абдыкааров – Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын адиси, комиссиянын мүчөсү.
6. Р.Жамшитов – Кара-Суу райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулктөрдү каттоо башкармасынын жерге жайгаштыруу боюнча адиси, комиссиянын мүчөсү.
7. М.Малабеков – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
8. Э.Жунусов – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
9. Айыл башчылар
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарбасы, экология жана архитектура, курулуш, транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Абдраев |