Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-декабры № 817
Оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда 18 жашка чейинки кызматкерлер жана аялдар үчүн жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 139-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда 18 жашка чейинки кызматкерлер үчүн жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдери 1-тиркемеге ылайык;
- оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда аялдар үчүн жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдери 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомдо каралган оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдери менчигинин формасына жана ишинин түрүнө карабастан бардык уюмдар үчүн милдеттүү деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы № 548 "Аялдар жана 18 жашка чейинки кызматкерлер кол менен көтөрүүчү жана жылдыруучу оордуктардын чектик жол берилчү эң жогорку ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун жыйырма биринчи абзацы.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда 18 жашка чейинки кызматкерлер үчүн жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдери
№ | Аталышы | 18 жашка чейинки кызматкерлер | |||||||
Жүктүн чектүү жол берилген массасы, кг | |||||||||
1-глава. Иштин мүнөзү, эмгектин оордугунун көрсөткүчтөрү | |||||||||
1 | Иш нөөмөтүнүн ичинде жүктү дайыма кол менен көтөрүү жана жылдыруу | Уландар | Кыздар | ||||||
14 жаш | 15 жаш | 16 жаш | 17 жаш | 14 жаш | 15 жаш | 16 жаш | 17 жаш | ||
3 | 3 | 4 | 4 | 2 | 2 | 3 | 3 | ||
2-глава. Иш нөөмөтүнүн 1/3 көбүнүн ичинде жүктү кол менен көтөрүү жана жылдыруу | |||||||||
2 | Дайыма (саатына 2 жолудан ашык) | 6 | 7 | 11 | 13 | 3 | 4 | 5 | 6 |
3 | Башка иш менен кезектеш- тирүүдө (саатына 2 жолуга чейин) | 12 | 15 | 20 | 24 | 4 | 5 | 7 | 8 |
3-глава. Бир нөөмөттө жылдырылуучу жүктүн суммалык массасы | |||||||||
4 | Жумушчу ордунан көтөрүү | 400 | 500 | 1000 | 1500 | 180 | 200 | 400 | 500 |
5 | Полдон көтөрүү | 200 | 250 | 500 | 700 | 90 | 100 | 200 | 250 |
Эскертүү:
1. Эгерде бул аткарылуучу туруктуу кесиптик ишке түздөн-түз байланыштуу болсо, оордуктарды белгиленген ченемдердин чегинде көтөрүүгө жана жылдырууга жол берилет.
2. Көтөрүлүүчү жана жылдырылуучу жүктүн массасына идиштин жана таңгактын массасы кирет.
3. Жүктү арабаларда же контейнерлерде ташууда жумшалуучу күч төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
- 14 жаштагы уландар үчүн - 12 кг, 15 жаштагы - 15 кг, 16 жаштагы - 20 кг, 17 жаштагы - 24 кг;
- 14 жаштагы кыздар үчүн - 4 кг, 15 жаштагы - 5 кг, 16 жаштагы - 7 кг, 17 жаштагы - 8 кг.
|
| 2-тиркеме |
Оордуктарды кол менен көтөрүүдө жана жылдырууда аялдар үчүн жүктөмдүн чектүү жол берилген ченемдери
№ | Иштин мүнөзү | Жүктүн чектүү жол берилген массасы |
1 | Башка иш менен кезектештирүүдө оордуктарды көтөрүү жана жылдыруу (саатына 2 жолуга чейин) | 10 кг |
2 | Иш нөөмөтүнүн ичинде дайыма оордуктарды көтөрүү жана жылдыруу | 7 кг |
3 | Иш нөөмөтүнүн ар бир жумушчу саатынын ичинде аткарылуучу динамикалык иштин чоңдугу төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш: |
|
4 | Жумушчу ордунан | 1750 кГм |
5 | Полдон | 875 кГм |
Эскертүү: 1. Көтөрүлүүчү жана жылдырылуучу жүктүн массасына идиштин жана таңгактын массасы кирет. 2. Жүктү арабаларда же контейнерлерде ташууда жумшалуучу күч 10 кг ашпоого тийиш | ||