Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVII сессиясынын жетинчи чакырылышы
2024-жылдын 15-августу № 27/1
“Таура Транс Логистик компани” ЖЧКсынын Баш-Булак айыл аймагына караштуу Мады айылында №783 контурунда жайгашкан жеке менчиктеги 0,92 га жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
“Таура Транс Логистик компани” ЖЧКсынын Баш-Булак айыл аймагына караштуу Мады айылында №783 контурунда жайгашкан жеке менчиктеги 0,92 га жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү боюнча арызын карап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Таура Транс Логистик компани” ЖЧКсынын Баш-Булак айыл аймагына караштуу Мады айылында №783 контурунда жайгашкан жеке менчиктеги 0,92 га жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп, Турак жай” багытынан “Коммерциялык” багытка өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| К.Абдраев |