Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVII сессиясынын жетинчи чакырылышы
2024-жылдын 15-августу № 27/3
«Баш-Булак айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн “Баш-Булак айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунушун карап чыгып Баш-Булак айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн “Баш-Булак айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы Ачы айылынын тургуну Султанбеков Жанибек Маматовичке жана Баш-Булак айылынын тургуну Халиков Замирбек Кутмаматовичке ыйгарылсын.
2. Султанбеков Жанибек Маматовичке жана Халиков Замирбек Кутмаматовичке ыйгарылган наамдарды мыйзам чегинде аткаруу жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын,
Төрага |
| К.Абдраев |