Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVII сессиясынын жетинчи чакырылышы
2024-жылдын 15-августу № 27/4
Ачы айылындагы эски мектептин имаратына бала бакча ачуу жөнүндө
Баш-Булак айыл аймагындагы Ачы айылында жайгашкан эски мектептин имаратына балдар бакча ачуу боюнча Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ачы айылындагы эски мектептин имаратына балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. Эски мектептин имаратына балдар бакчасын ачуу, имаратты ремонттоого сарпталуучу акча каражатын табуу жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ачы айылында ачылуучу балдар бакчасы үчүн штат бирдиктерин чечип берүү жагы Кара-Суу билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| К.Абдраев |