Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVII сессиясынын жетинчи чакырылышы
2024-жылдын 15-августу № 27/7
Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылынын тургундарынын жеке менчик турак жай куруу муктаждыгын жана жеке менчик турак жай куруу үчүн 31-май 2024-жылы жазган арыздарын канааттандыруу максатында Ачы айылындагы №52-53- контурларындагы 2,32 га “Калктуу конуш” категориясындагы жер аянтынын шифр:23/24 башкы планга өзгөртүү киргизип берүү жана бекитип берүү жөнүндө
Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылынын тургундарынын жазган 31-май 2024-жылы жазган арызын канааттандыруу максатында Ачы айылындагы №52-53- контурларындагы 2,32 га “Калктуу конуш” категориясындагы жер аянтынын башкы планындагы көрсөтүлгөн мечиттин оордуна турак жай курууга өзгөртүп берүү сунушун карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылынын тургундарынын жеке менчик турак жай куруу муктаждыгын жана жеке менчик турак жай куруу арыздарын канааттандыруу максатында, о.э. айылда үч мечиттин аралыгы жакын жайгашканын(үч жүз метр) эске алып, мечит курууга зарылчылык жок болгондуктан, Ачы айылындагы №52-53- контурларындагы 2,32 га “Калктуу конуш” категориясындагы шифр:23/24 башкы планга мечиттин ордуна 0,06 га жер тилкесине өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Турак жай салуу үчүн жер тилкесин сураган жарандардын кезеги көптүгүнө байланыштуу 0,05 га дан башкы план түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Баш-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
| К.Абдраев |