Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 29-январы № 10
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-апрели, № 34) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын:
"7) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу менен мамлекеттик деңгээлде эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларынын, чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын, чет мамлекеттердин башка делегацияларынын иш сапарларын камсыз кылуу менен байланышкан сатып алууларды. Ушул пунктта каралган сатып алуулар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык заказчы менен аткаруучунун ортосунда жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат;
8) мамлекеттик тапшырманын алкагында сатып алынуучу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 41-берене менен толукталсын:
"41-берене. Мамлекеттик тапшырма
1. Мамлекеттик тапшырма болуп мамлекеттин социалдык-экономикалык туруктуулугун жана (же) социалдык-маданий өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган артыкчылыктуу мамлекеттик милдеттерди аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен юридикалык жактарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен заказ берүү саналат.
2. Мамлекеттик тапшырманы аткаруу мамлекеттик заказчы менен мамлекеттик тапшырманы аткаруучунун ортосунда натыйжалардын көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик тапшырманы аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен юридикалык жактарга бюджеттик каражаттарды бөлүү уставдык капиталды көбөйтпөстөн жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик тапшырманы аткарууга жооптуу юридикалык жактарга мамлекеттик тапшырманы аткаруу үчүн тиешелүү финансылык жылга бөлүнүүчү бюджеттик каражаттардын суммасынын 50 пайызынан ашпаган көлөмдө мамлекеттик тапшырманы субподрядчыга (кошо аткаруучуга) берүүгө жол берилет.
3. Мамлекеттик тапшырмаларга төмөнкүдөй заказдар киргизилиши мүмкүн:
1) маданият, туристтик иш, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу чөйрөлөрүндөгү;
2) билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча;
4) эл аралык жана республикалык маанидеги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармактарын куруу, реконструкциялоо, оңдоо, күтүү жана өнүктүрүү боюнча;
5) негизги фонддорду түзүү, көбөйтүү, жаңылоо жана модернизациялоо, ошондой эле экономиканын тармактарын өнүктүрүү боюнча;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик деңгээлде расмий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча.
4. Мамлекеттик заказчы жана мамлекеттик тапшырманы аткаруучу мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруунун алкагында бюджеттик каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик алышат.";
3) 17-берененин 3-бөлүгүнүн 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын ишин, корголушун жана коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чараларды камсыз кылуу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-январындагы № 6 (3766) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |