Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVII сессиясынын жетинчи чакырылышы
2024-жылдын 15-августу № 27/9
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн алдында курулуп жаткан күрөш залынын курулушуна жана керектүү жабдыктарды сатып алууга айыл өкмөтүнүн кошумча түшкөн кирешесинен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн алдында курулуп жаткан күрөш залынын курулушуна жана керектүү жабдыктарды сатып алууга күрөш залдын долбоорун карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн алдында уюштурулуп жаткан күрөш залынын курулушуна жана керектүү жабдыктарды сатып алууга айыл өкмөтүнүн кошумча түшкөн кирешесинен үч млн. сом бөлүнүп берилсин.
2. Мыйзамдуулугун тактап аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Кайназаровага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы инвестиция тартуу, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Абдраев |