Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVII сессиясынын жетинчи чакырылышы
2024-жылдын 15-августу № 27/11
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Талдык айылындагы Ош-Эркештам жолунун 43-чакырымында 20 га жер тилкесине “Туризимди өнүктүрүү” максатында мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 32-беренесине ылайык Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Талдык айылындагы Ош-Эркештам жолунун 43-чакырымында контур №46 0,20 га, №47 3,43 га, №48а 12,11 га, №49 0,02 га, №50 4,24 га жалпы аянты 20 га жер тилкесине туризм багытында эс алуучу жай куруу үчүн мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ж.Эрмаматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода байланыш, транспорт жана жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Абдраев |