Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVII сессиясынын жетинчи чакырылышы
2024-жылдын 15-августу № 27/14
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынын Жаны-Турмуш айылындагы узундугу 327 метр ички жолго асфальт төшөө үчүн Кара-Суу райондук өнүктүүрүү фондуна даярдалган долбоорду каржылоого акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынын Жаңы-Турмуш айылындагы узундугу 327 метр ички жолго асфальт төшөө үчүн Кара-Суу райондук өнүктүүрүү фондуна даярдалган долбоорду өздүк салым иретинде каржылоого акча каражатын ажыратуу үчүн кайрылган Баш-Булак айыл өкмөтүнүн сунушун угуп талкуулап Баш-Булак айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынын Жаңы-Турмуш айылындагы узундугу 327 метр ички жолго асфальт төшөө үчүн Кара-Суу райондук өнүктүүрүү фондунан акча каражаты суралсын.
.
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынын Жаңы-Турмуш айылындагы узундугу 327 метр ички жолго асфальт төшөө үчүн Кара-Суу өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду каржылоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Абдраев |