Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVII сессиясынын жетинчи чакырылышы
2024-жылдын 15-августу № 27/16
Баш-Булак айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилерге акча каражатын бөлүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы Т.Бекмуратов атындагы көчөгө асфальт төшөө долбоорун карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы Т.Бекмуратов атындагы көчөгө асфальт төшөө долбоору жактырылсын.
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы Т.Бекмуратов атындагы көчөгө асфальт төшөө долбооруна айыл өкмөттөн 2025-жылкы кирешелер бөлүгүнөн өздүк салым үчүн 3231013 (үч милион эки жүз отуз бир мин он үч) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Абдраев |