Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 7-июну № 2/23
Ош облустук өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Амирбековдун Үңкүр айылында салынып жаткан 50 (элүү) орундуу бала бакчага Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3 989 662 (үч миллион тогуз жүз сексен тогуз миң алты жүз алтымыш эки ) сом акча каражатын суроого макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл- Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Үнкүр айылында салынып жаткан 50 (элүү) орундуу бала бакчага Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3 989 662 ( үч миллион тогуз жүз сексен тогуз миң алты жүз алтымыш эки ) сом акча каражатын суроого макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |