Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 2-августу № 2/27
“Мектепке чейинки билим берүү” уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековдун Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлигинин 2024-жылдын 16- январындагы № 16-2/217 номерлүү, Өзгөн райондук финансы башкармалыгынын каттары боюнча маалыматын угуп, Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 мыйзамын, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Мектепке чейинки билим берүү” уюмдарынын жетекчилери ата-энелер менен биргеликте өткөрүшкөн жалпы жыйындардын протоколдору менен жана айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2024-жылдын 01-августунан баштап Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Мектепке чейинки билим берүү” уюмдарынын тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
2. “Мектепке чейинки билим берүү” уюмдарынын жетекчилери ата-энелер менен биргеликте өткөрүшкөн жалпы жыйындардын протоколдоруна ылайык, ата-энелердин өздүк салымдары 1400 (бир миң төрт жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековго жана “Мектепке чейинки билим берүү” уюмдарынын мүдүрлөрүнө (директорлору) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, тазалык, (каада салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| А. А. Кайкыев |