Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 14-январы № 5-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 16-октябрында Любляна шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалардын талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-январындагы № 5-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 16-октябрында Любляна шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалардын талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2025-жылдын 16-октябрында Любляна шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалардын талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Словения Республикасынын дипломаттык паспортторунун ээлери болгон жарандар Макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан 180 (бир жүз сексен) күндүк мезгилдин ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулат деп каралган.
Макулдашууну ратификациялоо ишкердик мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында дипломаттык паспортторго ээ болгон жарандардын жүрүүсүн жөнөкөйлөтөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Макулдашуунун долбоору 2025-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы № 894-т тескемеси менен жактырылган.