РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 37 (2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин эмгек акысына 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө ар айлык үстөк бекитүү жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 09.02.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 9-февралы № 37

 

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун 2-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин эмгек акысына 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө ар айлык үстөк белгилесин;

2) өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров