Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 2/28
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамына Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Сопуев Кубанычбек Жолдошбаевичге, Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Бакиров Изатбек Сабитовичге, Гузар айылынын тургуну Маматеминова Айзадага жана Эски- Покровка айылынын тургуну Жанибеков Базарбай Айдаровичди сунуштоо жөнүндөгү малыматын угуп жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, тазалык, (каада салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставынын 39.1 пунктуна таянып, Кызыл- Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Сопуев Кубанычбек Жолдошбаевичге Кызыл- Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын берүүгө макулдук берилсин.
2. Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Бакиров Изатбек Сабитовичге Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын берүүгө макулдук берилсин.
3. Гузар айылынын тургуну Маматеминова Айзадага Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын берүүгө макулдук берилсин.
4. Эски-Покровка айылынын тургуну Жанибеков Базарбай Айдаровичге Кызыл-Октябрь айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын берүүгө макулдук берилсин.
5. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, тазалык, (каада салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн
Төрага |
| М. А. Камалов |