Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 2/29
Кызыл-Октябрь айылынын көчөлөрүнүн бирине маркум Тешебаев Мамазакирдин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу,Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын өз убагында билим берүү тармагында жаш муундарга таалим тарбия берүүдө өз салымын кошуп келген, маркум Тешебаев Мамазакирдин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү, Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын 2024-жылдын 17-августундагы элдик жыйындын протоколун жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, тазалык, (каада салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айылынын Э.Темиров көчөсүнүн кесилишинен (айлампа жол) Н.Тиллебердиев көчөсүнүн кесилишине чейинки жолго маркум Тешебаев Мамазакирдин ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айылынын айыл башчысы Ж. Камчиевге жана М. Тешебаевтердин уул кыздарына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, тазалык, (каада салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |