Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 2/30
Ош облустук өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековдун Ынтымак айылынын ички жолдорун оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнгөн. Ош облустук өнүктүрүү фондунан 1000,0 (бир миллион) сом акча каражатын суроого макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Ынтымак айылынын ички жолдорун оңдоп- түзөө иштерин жүргүзүү үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунан 1000,0 (бир миллион ) сом акча каражатын суроого макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |