Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 1-апрелиндеги №21
«Бишкек-Ош унаа жолунун 330 км аралыгындагы Кетмен-Төбө шаарчасына бурулган жолдун алды жагындагы № 20 контурдагы 0,50 га жайыт жер аянтынын багытын, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына өзгөртүүгө (трансформацияга) макулдук берүү жөнүндө»
Бишкек-Ош унаа жолунун 330 км аралыгындагы Кетмен-Төбө шаарчасына бурулган жолдун алды жагындагы № 20 контурдагы 0,50 га жайыт жер аянтынын багытын, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин»18-беренесин жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылынын Бишкек-Ош унаа жолунун 330 км аралыгындагы Кетмен-Төбө шаарчасына бурулган жолдун алды жагындагы № 20 контурдагы 0,50 га жайыт жер аянтынын багытын, өнөр жай,транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берилсин жана мыйзам талаптарына ылайык ,Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
2. Аталган жер аянтынын багытын өзгөртүү боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысына жана жер маселелери боюнча башкы адис М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Кимсанов Ч.А.
|