Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 23-январы № 6
Билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) саламаттык сактоо чөйрөсүндө кесиптик орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашырган лицензия алуучу (билим берүү уюму) мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөндө.";
2) 32-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу
Медициналык жана фармацевттик билим берүү чөйрөсүндөгү билим берүү ишин кошпогондо, лицензия берүүчү лицензиянын колдонулушун токтотуп турган себептер четтетилбеген учурда, лицензия жана (же) уруксат лицензия берүүчүнүн арызын кароонун негизинде соттун чечими менен жокко чыгарылат.".
2-берене.
"Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илимий жана илимий-техникалык уюмдар ошол уюмдун уставында каралган максаттарга жана милдеттерге шайкеш келген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар болуп саналат. Илимий уюмдар саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте милдеттүү мамлекеттик аккредитациядан өтүүнүн негизинде жүзөгө ашыра алат.";
б) 4-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, жүзөгө ашырылып жаткан иштин сапатын жана заманбап талаптарга шайкештигин камсыз кылуу үчүн илимий жана илимий-техникалык уюмдар мамлекеттик аттестациядан өтүүгө тийиш.";
2) 19-беренеде:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илим, илимий-техникалык, илимий-маалыматтык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу, илим, илимий-техникалык, илимий-маалыматтык жана илимий-инновациялык иш жаатында тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруу;";
б) 16 жана 17-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илимий-техникалык уюмду мамлекеттик аттестациялоону/аккредитациялоону жүргүзүү тартибин аныктоо;
17) саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө институттарынын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартибин аныктоо;".
3-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 18-августу, № 66) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:
"151) медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоо - орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн медициналык жана фармацевттик адистиктеринин билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялык талаптарга жана критерийлерге шайкештигин саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таануу;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 451-пункт менен толукталсын:
"451) билим берүү франшизасы - келишимдик мамилелердин тутуму, анын алкагында мамлекеттик билим берүү уюму өзүнүн окуу-усулдук материалдарын, стандарттарын жана брендин пайдалануу менен мамлекеттик билим берүү уюму бекиткен билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга мамлекеттик эмес билим берүү уюмуна укук берет;";
2) 13-беренеде:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын, окутуу моделдерин жана билим берүү процессин кошпогондо, билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты, билим берүү тутумун өнүктүрүү стратегиясын түзүү жана жүзөгө ашыруу, билим берүү чөйрөсүндө артыкчылыктарды аныктоо;";
б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) Министрлер Кабинети аныктоочу тартипте саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баалоо жүргүзүлүүчү система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюмунун ишин кошпогондо, формалдык билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоону уюштуруу;";
3) 17-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын контролдоо максатында белгиленген тартипте аккредитациядан өткөн мамлекеттик эмес медициналык билим берүү уюмдары система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюму менен билим берүү франшизасы же болбосо медициналык жана фармацевттик адистиктерге окутуу процессин академиялык жана усулдук башкарууну, саламаттык сактоо чөйрөсүндө кошумча билим берүүнү администрациялоо жөнүндө макулдашуу түзүүгө милдеттүү.
Билим берүү франшизасы же болбосо медициналык жана фармацевттик адистиктерге окутуу процессин академиялык жана усулдук башкарууну администрациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
4) 18-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Мында система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюмунун уставы анын уюштуруучусу тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында аныкталган тартипте бекитилет.";
5) 22-берененин 5 жана 7-бөлүктөрү "Ички иштер" деген сөздөрдөн мурда "Саламаттык сактоо," деген сөздөр менен толукталсын;
6) 23-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын кошпогондо, өзгөчө статуска ээ болгон жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Медициналык жана фармацевттик билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиялар саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.";
7) 24-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Министрлер Кабинети аныктоочу тартипте милдеттүү мамлекеттик аккредитациядан өтүшөт.
Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу, мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн билим берүү уюмдары бүтүрүүчүлөргө билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүүгө жана билим алуучуларды кабыл алууга укугу жок.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын кошпогондо, билим берүү уюму аккредитациялык агенттикти өз алдынча тандайт. Аккредитация аккредитациялануучу билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.";
8) 29-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюму төмөнкүдөй өзгөчө укукка ээ:
1) жогорку медициналык жана фармацевттик билими бар адистерди даярдоо, медициналык жана илимий кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
2) медициналык жана фармацевттик адистиктерге окутуу процессин академиялык жана усулдук башкарууну администрациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүү.";
9) 57-берененин 5-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзгөчө статуска жана система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайынын статусуна ээ болгон кесиптик башталгыч жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары өз каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны камкорчулук кеңеш менен макулдашуу боюнча өз алдынча тескөөгө (ээликтен ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө) укуктуу.";
10) 59-берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:
"12. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жана (же) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу жеке билим берүү уюмдары имараттарга, курулмаларга, жабдууларга, ошондой эле менчик укугунда башка зарыл мүлккө ээ болууга милдеттүү.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 19-январы, № 5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 20 жана 21-пункттар менен толукталсын:
"20) программалар, окутуу моделдери жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү процесси боюнча мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу;
21) медициналык жана илимий кадрларды даярдоо боюнча система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюмунун ишинин сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо.";
2) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Медициналык жана фармацевттик билим берүү, медициналык жана фармацевттик илим
1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берүүнү жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасында медициналык кызматкерлерди даярдоо ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кадрлардын пайдаланылышына жана алардын жылуусуна ар жылдык мониторинг жүргүзүүчү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик заказынын тартибинде жүзөгө ашырылат.
3. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү, илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашыруу система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюму тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мында билим берүү уюмдары саламаттык сактоо чөйрөсүндө орто, жогорку, ЖОЖдон кийинки кесиптик жана кошумча билим берүү, илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууну милдеттүү мамлекеттик аккредитациялоодон өтүүнүн негизинде Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашыра алышат.
4. Ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди даярдоонун сапатын башкаруу, контролдоо жана көзөмөлдөө мамлекеттик аккредитациялоонун натыйжаларынын негизинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү орто, жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат ордуна Министрлер Кабинети белгилеген тартипте дайындалат жана бошотулат.
6. Ведомстволук медициналык илимий-изилдөө уюмдарын, жогорку медициналык жана фармацевттик билим берүү мекемелерин, медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу уюмдарын жетектөө, саламаттык сактоо жаатындагы илимий-изилдөө иштерин координациялоо, саламаттык сактоо системасы үчүн жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоону уюштуруу Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.";
3) 19-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү иши медициналык жана фармацевттик билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо жаатындагы илимий уюмдарда жана саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү программаларын ишке ашыруучу башка билим берүү уюмдарында мамлекеттик аккредитациядан өткөрүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.";
4) 155-беренеде:
а) 2-бөлүк "магистратураны" деген сөздөн кийин ", аспирантураны" деген сөз менен толукталсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Саламаттык сактоо жаатындагы адистердин кошумча билимдин жана көндүмдөрдүн көлөмүн алуусу кошумча билим берүүнүн билим берүү программаларын лицензиянын негизинде ишке ашыруучу жана мамлекеттик аккредитациядан өткөн уюмдарда кошумча билим берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүү тартиби, саламаттык сактоо жаатындагы кошумча билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу уюмдарга коюлуучу квалификациялык талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
5) 156-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Интернатура - билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар, мамлекеттик аккредитациядан өткөн билим берүү уюмдарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан клиникалык базалар катары аныкталган саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылуучу такшалманын программаларын ишке ашыруу. Интернатуранын программалары тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү медициналык адистиктер боюнча ишке ашырылат. Кесиптик даярдыктын деңгээлин баалоодон өткөн бүтүрүүчүгө такшалмадан өткөндөн кийин адистик ыйгарылат.
Интернатуранын билим берүү практикасынын программалары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кесиптик стандарттарда белгиленген алардын квалификациялык деңгээлдерине карата талаптарга ылайык система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайдын статусуна ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик заказды берүүнүн, окууга кабыл алуунун жана медициналык кадрларды интернатурада окутуунун эрежелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.";
б) 2-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ординатуранын билим берүү практикасынын программалары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кесиптик стандарттарда белгиленген квалификациянын деңгээлдерине карата талаптарга ылайык система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайдын статусуна ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан аныкталат.".
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-январындагы № 5 (3765) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |