Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын “22” январы № 01
2026-2028-жылдарга карата Сокулук айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Сокулук айылдык кеңешинин бюджеттик туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Сокулук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-2028-жылдарга карата Сокулук айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу Сокулук айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Н Иштыбаевке тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сокулук айыл кеңешинин бюджеттик туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Жумалиев Н.Н |