Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын “22” январы № 02
Сокулук айыл өкмөтүнүн 2025 – жылдык бюджетинин аткарылышы туралуу отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 44-беренесине ылайык Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Н Иштыбаевдин 2025-жылга түзүлгөн социалдык–экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы, Сокулук айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025–жылдагы киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча аткарылышы жана 2026–жылдын 01–январына калган бюджеттик келишимдин жалпы суммасы жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап Сокулук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сокулук айыл өкмөтүнүн 2025–жылдык бюджетинин аткарылышы туралуу отчету кабыл алынсын.
2. Сокулук айыл өкмөтүнүн 2025–жылдык кирешелердин жалпы суммасы 159 830,3 миң сом, атайын эсепти кошпогондо 150 153,2 миң сом, 01.01.2025-жылга эркин калдык 50 338,3 миң сом, чыгаша бөлүгү боюнча каражаттын жалпы суммасы 177 092,7 миң сом болуп бекитилсин
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сокулук айыл кеңешинин бюджеттик туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Иштыбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Жумалиев Н.Н |