Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 1-апрелиндеги №24
«Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34 жана 39-беренелеринин негизинде, Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 31-майындагы №78 “Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктары боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 14-мартындагы №3 протоколунун негизинде сунушталган жарандарды, “Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндө комиссиянын төрайымы З.Кигарованын сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жыл үчүн “Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:
- Сулайманов Кундузбек Кошалиевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ;
- Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович –коомдук ишмер ;
- Талипова Шахра - Кыргыз Республикасынын Эл артисти;
- Кадыралиев Жеңишбек-эмгек ардагери ;
- Жумабеков Орозмамбет –ардагер ;
2. “Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” белгилерин, күбөлүктөрүн жана төш белгилерин даярдатып, наамга татыктуу болгон атуулдарга салтанаттуу тапшыруу үчүн 3(үч) айлык мөөнөттө даярдоону камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин .
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов
|