Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 1-апрелиндеги №26
«Үч-Терек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 12-декабрындагы №279 сандуу “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” буйругун ишке ашыруу максатында, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун 2025-жылдын 5–мартындагы №54 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 12-декабрындагы №279 сандуу, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” буйругу ишке ашырылсын жана Үч-Терек айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Насирдиновго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов
|