Загрузка документа…
СОКУЛУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын “22” январы № 04
Сокулук айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына калган чыгашалардан ашкан кирешелерди (эркин калдыктарды) бекитүү жөнүндө
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Н Иштыбаевдин Сокулук айылдык кеңешине кайрылуусун жана бюджеттик комиссиясынын Сокулук айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кызматтык маянасына кошумча үстөктөрдү Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябры № 125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык бюджеттик комиссиясынын 2026-жылдын 19-январындагы №1 протоколунун негизинде Сокулук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Аппарат бөлүмүнө эмгек акыга кошумча үстөктөрдү 2111 эмгек акы беренеси ай сайын минималдуу базалык ставка 7040 сом жана квартал сайын кызматтык маяналарынын өлчөмүндө жалпы 2111 эмгек акы беренесине 1984,5 миң сом, 2121 Социалдык фондко төгүмдөргө 342,3 миң сом жалпы аппарат бөлүмүнө 2326,8 миң сом бөлүнүп берилсин
2. Айылдык кеңеш бөлүмүнө 2111 эмгек акы беренеси ай сайын минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө жана квартал сайын кызматтык маяна өлчөмүндө жалпы 2111эмгек акы беренеси 302,8 миң сом 2121 Социалдык фондко төгүмдөргө 52,2 миң сом,жалпы айылдык кеңеш бөлүмүнө 355,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын Сокулук айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлдөсүн.
7. Токтомдун аткарылышы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Н Иштыбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Жумалиев Н.Н |